en ru ky
FAQ


e-Visa
Е-виза деген эмне?

Е-виза бул Кыргыз Республикасына кирүү үчүн уруксат алуунун эң жөнөкөй ыкмасы. Бул үчүн онлайн билдирмени толтуруп, кредиттик/дебеттик карт аркылуу төлөө гана зарыл. Ушул портал аркылуу тастыктоону алгандан кийин электрондук визанын колдонуудагы мөөнөтү ичинде Сиз Кыргыз Республикасына кире аласыз. Учурда сиз электрондук визаны «Манас» Эл аралык аэропорту аркылуу кирүүдө гана колдоно аласыз.


Электрондук визаны алуу үчүн канча убакыт талап кылынат?

Билдирмени берип, төлөгөндөн кийин электрондук визаны тариздөө жана берүү мөөнөтү 3 жумуш күнүн түзөт.


Электрондук визаны ким ала алат?

Белгилүү бир мамлекеттердин жарандары зарыл талаптарга жооп берген шартта электрондук виза ала алышат. Электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат алуу үчүн «Өлкөлөр боюнча маалымат» бөлүгүнө өтүп, өлкөнү тандаңыз.


Транзиттик аймактан чыгып кетүүнү пландаштырбаган учурда электрондук виза алуунун зарылчылыгы барбы?

Жок. Эгер сиз транзиттик аймактан чыкпасаңыз, виза алуунун кажети жок.



Билдирме берүү
Билдирме берүүдө тилди тандай аламбы?

Жок, сиз билдирмени англис тилинде толтурууга тийишсиз.


Билдирмени бергенден кийин гана мен айрым маалыматтарды оңдоо керек экендигин көрдүм. Эмне кылуум керек?

Билдирме берүү процесси бир нече кадамдан турат. «Алдын ала кароо» бөлүгүнөн сиз толтурулган маалыматтарды текшерип, зарыл болсо оңдоолорду киргизе аласыз. Төлөгөндөн кийин сиз өзгөртүү киргизе албайсыз.


Мен билдирменин биринчи бөлүгүн толтуруп, электрондук почтама тастыктоо кодун алдым. Тастыктоо үчүн убакытта кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Ооба, тастыктоо кодунун мөөнөтү 72 саатты түзөт. Сиз электрондук почтаңызга тастыктоону алгандан кийинки 72 саат ичинде тастыктоону аткарууңуз керек. Болбосо, сиздин билдирмеңиз жокко чыгарылат жана сиз билдирмени жаңыдан толтурууга туура келет.


Эгер мен электрондук визага билдирмени толук толтурбай калтырып койсом, кийинчерээк аны толтурууну уланта аламбы?

Ооба. Сиз «Билдирмени улантуу» бөлүгүнө кирип, электрондук почтаңызга жөнөтүлгөн өздүк номериңизди киргизүүңүз зарыл. Андан соң сиз токтогон бөлүккө өтө аласыз.


Мен электрондук визага билдирменин статусун кантип биле алам?

Сиз билдирменин статусун ушул бөлүктөн биле аласыз. Болгону «Статусту текшерүү» бөлүгүнөн «өздүк номериңизди» киргизиңиз. Сиз билдирмеңиздин статусу тууралуу маалымат ала турган «Билдирменин статусу» бөлүгүнө өтөсүз.



Кетирилген каталар
Мен билдирмени толтурдум, бирок тастыктоо кодун ала алган жокмун?

Электрондук почтаңыздан «спам» папкасын текшериңиз. Эгерде анда каттар жок болсо, сиз жаңы билдирме толтуруп, башка электрондук даректи көрсөтүңүз.



Төлөө/кайтарып берүү
CVV/CVC/CVC2 деген эмне?

CVV/CVC/CVC2 VISA картынын артынан табууга болот, бул карт ээсинин кол тамгасынын жанындагы жети орундуу сандын акыркы үч саны.


Электрондук виза канча турат?

Визанын баасы анын категориясына жана мөөнөтүнө, ошондой эле орток бөлүнүшүнө жараша болот.


Электрондук визага кантип төлөсөм болот?

Маалыматтар текшерилип, билдирме тастыкталгандан кийин «Төлөө» бөлүгү пайда болот, андан сиз электрондук төлөм системасы аркылуу төлөй аласыз.


Картта менин атым болууга тийишпи?

Жок. Электрондук визага төлөө үчүн кредиттик/дебеттик картта сиздин атыңыздын болушу милдеттүү эмес.


Мен төлөнгөндүгү тууралуу эсеп ала аламбы?

Биз электрондук визага төлөнгөндүгү тууралуу эсеп бере албайбыз. Төлөнгөндөн кийин сиз электрондук дарегиңизге төлөнгөндүгү тууралуу тастыктоо аласыз. Тастыктоодо төлөнгөн сумма жана билдирмедеги маалыматтар көрсөтүлөт.


Электрондук визаны берүүдөн баш тартылган учурда мага акчамды кайрып беришеби?

Жок. Жыйынтыкка көз карандысыз, электрондук визага төлөнгөн каражат билдирме ээсине кайтарылып берилбейт.


Электрондук визадагы маалыматтар менен паспорттогу маалыматтар дал келбегендигин байкадым. Мен электрондук визамдын жараксыз экендигин билем. Акчамды кайра ала аламбы?

Жок. Билдирме ээси билдирмедеги кемчиликтер үчүн өзү жооп берет.


Эгер мен электрондук визаны колдонбосом, акчамды кайрый аламбы?

Жок. Электрондук визага төлөнгөн каражат кайтарылып берилбейт.



Документтерге карата талаптар.
Электрондук визага кандай документтерди берүү зарыл?

Сизге колдонуудагы жол жүрүү документи, сүрөт, кредиттик\дебеттик карт зарыл болот. Мындан тышкары, суралып жаткан визанын категориясына жана түрүнө жараша кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.


Документтер кайсы тилде сунушталууга тийиш?

Бардык документте кыргыз же орус тилине которулууга тийиш.



Жүргөн мезгили/ визанын колдонуудагы мөөнөтү
Менин электрондук визамды канага чейин колдонууга болот?

Электрондук визанын колдонуудагы мөөнөтү анын категориясына жана түрүнө жараша болот. Билдирме каралгандан кийин сизге электрондук визаңыздын колдонуудагы мөөнөтү боюнча маалыматты тастыктаган баракча жөнөтүлөт.


Визанын колдонуудагы мөөнөтү менен келүү мөөнөтүнүн ортосундагы айырма канчалык?

Визанын колдонуудагы мөөнөтү келүү мөөнөтүнөн көбүрөөк. Колдонуудагы мөөнөт катары визаны колдонгон биринчи жана акыркы күндөр белгиленет. Виза колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү бүтөт. Келүү мөөнөтү –бул сиз визаны колдонуудагы мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгил аралыгы.


Колдоо кызматы/техникалык жардам
Мен капысынан электрондук визага менин билдирмемдин өздүк номери жөнөтүлгөн электрондук почтадагы билдирүүнү өчүрүп алдым. Эмне кылуум керек?

Бул маселе боюнча колдоо кызматына кайрылыңыз.